ГФР Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 41,8 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды берет

25-06-2020 18:45

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Айтылган келишимдердин долбоорлору боюнча ГФР Өкмөтү эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 41,8 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды берүүгө милдеттенди. Бул суммадан 21,8 млн. евро төмөнкүдөй техникалык кызматташтык долбоорлоруна берилет:

1. "Перинаталдык саламаттык сактоого көмөк көрсөтүү" (4 млн. евро);

2."Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" (6 млн. евро);

3. "Кесиптик окууга көмөк көрсөтүү " (5 млн. евро);

4."Биологиялык ар түрдүүлүк" жана жаңгакты жана жайыттарды муниципалдык колдонуу жолу менен жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу (2,9 млн .евро);

5."Изилдөөлөр жана адистер фондун түзүү" (2,5 млн. евро);

6. "Кыргыз Республикасында сапат үчүн мааниси бар кызматтарды пайдаланууга көмөк көрсөтүү" (1,4 млн. евро).

20 млн. евро финансылык каржылоо алкагында төмөнкүдөй долбоорлорду ишке ашырууга берилет:

1."Нарк жаратуу тизмеги" финансылык секторунун программасы" (9 млн. евро);

2."Нарк жаратуу тизмеги" финансылык секторунун программасы"- коштоочу чаралар" (1 млн. евро);

3."Саламаттык сактоо боюнча сектордук долбоор" (10 млн. евро).

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3960

Окшош жаңылыктар