Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында төмөндөгүдөй мыйзам долбоорлору кабыл алынды:
Биринчи окууда:
- “Баалоо ишмердиги жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Абжалиев А.Т.)
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Касымалиева А.К., Масабиров Т.А.);
- “2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.03.20дагы № 161 токтом);
- “2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Сербия Республикасынын ортосундагы Эркин соода жүргүзүү зонасы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.05.20дагы № 272 токтом);
- “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.05.20дагы № 236 токтом);
- “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.08.19дагы № 424 токтом);
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.10.19дагы № 524 токтом);
- “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.01.20дагы № 35 токтом);
- “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.03.19дагы № 127 токтом);
- “Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлешин чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.04.19дагы № 156 токтом);
- “Манас” жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Ибраев С.К., С.Шер-Нияз, Бакиров М.И., Тулендыбаев П.Р., Иманалиев К.К., Икрамов Т.И., Зулпукаров Т.З., Турусбеков Б.С., Мамытов Т.Т., Бакиров О.М.);
- “2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.05.20дагы № 231 токтом);
- “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Алтыбаева А.Т., Осмонова А.Ш., Карашев А.А., Аскарова А.А., Мамашова А.Т., Мавлянова М.Э., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Орозова К.Б., Алимбеков Н.К., Каримов Н.Т., Момбеков Р.Ч.);
- “2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.06.20дагы № 349 токтом);
- “Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.01.20дагы № 44 токтом);
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Бузуулар жөнүндө кодексине, Салык кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга)” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Рыспаев К.Дж.).
Экинчи окууда:
- “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ошондой эле айрым эл аралык келишимдерди өзгөртүү жана колдонуусун токтотуу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.03.20дагы № 179 токтом);
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө”, “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.12.19дагы № 686 токтом);
- “2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал келип чыккан учурга карата даярдыкты камсыздоо жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам берүү боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.03.20дагы № 185 токтом);
- “1999-жылдын 13-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешеге салыктар жагынан кош салык салууну болтурбоо жана төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.12.19дагы № 653 токтом);
- “2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.03.20дагы № 150 токтом);
Үчүнчү окууда:
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бокоев К.С.);
- “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.11.19дагы № 622 токтом);
- “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.01.20дагы № 41 токтом);
- “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.03.20дагы № 187 токтом);
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Эмгек кодексине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.01.20дагы № 7 токтом);
- “Шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Исмаилова А.Ж., Касымалиева А.К., Строкова Е.Г., Рыспаев К.Ж., Өмүркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Примов У.Б., Мамытов Т.Т., Кыдыралиев У.Т., Райымкулов Б.К., Алтынбеков А., Джураев С.М., Алтыбаева А.Т.);
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Жапаров А.Ү., Жоробеков Т.У., Дюшалиев А.К., Тотонов Н.Т., Акаев Ж.К., Нурбаев А.М., Рысалиев З.К., Келдибаев С.А., Жунус уулу Алтынбек);
- “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.12.19дагы № 646 токтом);
- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.01.20дагы № 24 токтом);
- “2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 01.04.19дагы № 152 токтом);
- “2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.10.19дагы № 542 токтом);
- “2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.12.19дагы № 740 токтом);
- “2019-жылдын 1-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кемечилик жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.10.19дагы № 581 токтом);
- “2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.02.20дагы № 99 токтом);
- “2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.02.20дагы № 102 токтом);
- “2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.02.20дагы № 103 токтом);
- “2019-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.03.20дагы № 162 токтом);
- “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш.);
- “Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.12.19дагы № 732 токтом);
- “2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү боюнча) ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.03.20дагы № 123 токтом);
- “2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.03.20дагы № 121 токтом);
- “2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Армения Республикасынын кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.03.20дагы № 122 токтом);
- “Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казахстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын “Ак-Тилек – автожолу” жана Казахстан Республикасынын “Карасу – автожолу” өткөрүү пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.06.20дагы № 313 токтом);
- “2019-жылдын 16-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.06.20дагы № 319 токтом);
- “2019-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.06.20дагы № 306 токтом);
- “2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган, 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия – Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.06.20дагы № 337 токтом);
- “2020-жылдын 4-июнунда кол коюлган, 2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.06.20дагы № 338 токтом);
- “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Пирматов И.А.);
- “Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.03.20дагы № 134 токтом);
- “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.03.20дагы № 143 токтом);
- “Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 24.01.20дагы № 28 токтом);
- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.12.19дагы № 658 токтом);
- “Кыргыз Республикасынын таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Акаев Ж.К., Каримов Н.Т., Строкова Е.Г., Бакиров М.И., Жээнбеков А.Ш., Керезбеков К.К., Сулайманов А.Т., Касымалиева А.К. жана Өкмөт, 04.03.20дагы № 129 токтом);
- “2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.06.20дагы № 339 токтом);
- “Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.06.20дагы № 346 токтом);
- “2020-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредит берүү жөнүндө макулдашууну (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.06.20дагы № 347 токтом);
- “2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) ортосундагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде “Карыздарды башкаруу жана финансылык талдоо системасы” (DMFAS) программасын ишке киргизүү боюнча макулдашууну ратификациалоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.06.20дагы № 348 токтом);
- “2020-жылдын 21-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 (1441H – 2020G) байланыштуу каржылоо жөнүндө айрым макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.06.20дагы № 352 токтом);
- “2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Шаарды өнүктүрүү долбоору”, “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоору”, “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана азыктандырууну жакшыртуу долбоору”, “Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу долбоору” жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу долбоору” боюнча макулдашуу-каттарын ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.06.20дагы № 354 токтом);
- “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.06.20дагы № 296 токтом);
- “Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар, айып пулдар боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.06.20дагы № 290 токтом);
- “2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 24.06.20дагы № 355 токтом).
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы