Жогорку Кеңештин Төрагасына келип түшкөн кайрылуунун негизинде Санкт-Петербургдан Бишкекке учак каттамы уюштурулду

26-06-2020 20:37

Бүгүн, 26-июнда "Манас" аба майданына "Аэрофлот – Россия авиакаттамы" авиакомпаниясына таандык учак келип конду. Санкт-Петербург - Бишкек каттамы боюнча аталган учак менен Кыргызстандын 510 жараны мекенине кайтты. Алардын ичинен отуз тогузу эки жашка чейинки балдар.    

Белгилей кетсек, бул каттам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековго Санкт-Петербург шаарындагы Ыкчам штабдын кайрылуусуна байланыштуу уюштурулган.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 5786

Окшош жаңылыктар