Төрага Дастанбек Жумабековдун көмөгү менен Новопавловкадагы күндүзгү стационар ачылды

21-07-2020 16:01

Республикадагы татаал эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Новопавловка айыл аймагына караштуу Ак-Ордо конушунда күндүзгү стационар ачылды.  

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун жардамы менен аталган стационарда 25 орун даярдалып, медициналык кызматкерлер бардык керектүү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалды.

Муну менен катар Төрага дарыгерлердин айлык маянасынын чыгымын өз мойнуна алды.

Курч мүнөздөгү вирустук инфекцияга жана жеңил формадагы өпкөнүн сезгенүүсүнө кабылган жарандарды дарылоо үчүн 4 медициналык кызматкер тартылган.

Ал эми буга чейин Жогорку Кеңештин Төрагасынын колдоосу менен Кызыл-Аскер районундагы "Арал" кафесинде ачылган күндүзгү стационардан 3000ден ашуун адам дарыланды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 4278

Окшош жаңылыктар