Төрага Дастанбек Жумабеков Жайыл райондук бириктирилген аймактык ооруканасына барды

25-07-2020 21:49

Бүгүн, 25-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кара-Балта шаарында жайгашкан Жайыл райондук бириктирилген аймактык ооруканасына барды.

Төрага иш сапарынын алкагында быйыл августта ачылышы мерчемделген жаңы реанимациялык бөлүмдүн имаратынын курулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, учурда колдонулуп жаткан реанимациялык бөлүм оорулууларды кабыл алууга, орундарды көбөйтүүгө жана медициналык жабдыктарды жайгаштырууга ыңгайсыздык жаратып келген.

Ал эми жаңы реанимациялык бөлүмдүн курулушу аяктаса санитардык гигиеналык талаптарды толук сактоого, реанимациялык керебеттердин санын көбөйтүүгө, жаңы медициналык жабдууларды жайгаштырууга, эң башкысы оорулууларды дарылоо ишин жакшыртууга шарт түзүлөт.

Жергиликтүү бийлик жетекчилерин учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дарылоо мекемесин тез арада ишке берүүгө чакырган Төрага айрым керектүү маселелерди чечүүгө көмөктөшөрүн белгиледи.  

Медицина кызматкерлери менен да жолугушкан Төрага коронавирус илдети менен күрөшүүдөгү көрсөтүп жаткан күжүрмөн эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди. Ата-мекендик саламаттыкты сактоо тармагы реформаланарын кошумчалаган Дастанбек Жумабеков Өкмөт медицина кызматкерлеринин ишин жакшыртуу багытында жигердүү иш алып барып жатканын, республика боюнча медициналык мекемелерди оңдоо жана куруу иши тынымсыз жүргүзүлөрүн маалымдады.   

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3276

Окшош жаңылыктар