Төрага Дастанбек Жумабековдун демилгеси жана колдоосу менен Суусамырда күндүзгү стационар ачылды

25-07-2020 21:52

Бүгүн, 25-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкек-Ош жолунун Суусамыр өрөөнүндөгү "Токойлуу" тилкесинде орун алган ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүндөгү күндүзгү стационарга барды.

Стационардын иши менен таанышкан Төрага медициналык кызматкерлердин айлык маянасын, жеке коргонуучу каражаттарын, дарыларды жана кычкылтек концентраторун камтыган 250 миң сомдук көмөк көрсөттү.   

Пандемия шартында көрсөткөн эрдиги жана күжүрмөн эмгектери үчүн медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирген Төрага Бишкек-Ош жолунун ушул тилкесинде күндүзгү стационардын ачылышы азыркы маалда өтө маанилүү экенине токтолду.  

Белгилей кетсек, аталган дарылоо мекемеси Төө-Ашуудагы тешкен тоодон Ала-Белге чейинки 209 км жолду тейлеп, жүргүнчүлөргө, туристтерге жана жайлоодогу малчыларга кызмат көрсөтөт. Стационар Суусамыр айылынан 35 км, Кара-Балта шаарынан 100 км алыстыкта жайгашкан.

Жолугушуу маалында андагы кызматкерлер медициналык жайдын имаратын оңдоо зарылчылыгын маалымдашып, Төрага аталган маселени өз көзөмөлүнө аларын белгиледи.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 13154

Окшош жаңылыктар