Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясы ишин баштады

01-09-2020 10:16

Бүгүн, 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын расмий ачылуу аземи болду. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттарды жаңы сессиянын башталышы менен куттуктады.

Депутаттар парламенттин тармактык комитеттеринде иш алып барышмакчы.

Белгилей кетсек, Конституциянын 77-беренесине жана Жогорку Кеңешинин Регламентинин 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1147

Окшош жаңылыктар