Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлорун  биринчи, экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алды

03-09-2020 13:46

Бүгүн, 3-сентябрда  Жогорку Кеңештин депутаттары  каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш беришти. Анын жыйынтыгында  төмөндөгү мыйзам долбоорлору кабыл алынды:

Биринчи окуудан:

-“2020-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” (2-фаза) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2020-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” (2-фаза) долбооруна Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү жана Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору .Демилгечи – Өкмөт, 2020-жылдын 17-июлундагы № 422 токтом.

-“Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору  Демилгечи – Өкмөт, 2020-жылдын 17-июлундагы № 424 токтом.

-“2016-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 18-майында Бишкек шаарында кол коюлган макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 2020-жылдын 24-июлундагы № 437 токтом.

Экинчи окуудан:

 

-“Кыргыз Республикасынын жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарга, Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 04.06.20дагы № 297 токтом.

Үчүнчү окуудан:

-“1999-жылдын 13-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешеге салыктар жагынан кош салык салууну болтурбоо жана төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору Демилгечи – Өкмөт, 03.12.19дагы № 653 токтом.

-“2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациалоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору.  Демилгечи – Өкмөт, 24.08.20дагы № 435 токтом.

-“2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү” программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 24.08.20дагы № 444 токтом)

-“2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун администратору катары болуучу) ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 24.08.20дагы № 445 токтом)

-2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Социалдык коргоо системасы жана өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер планы” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору.Демилгечи – Өкмөт, 02.09.20дагы № 462 токтом)

-“2020-жылдын 10-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ортосундагы 2018-жылдын 26-январындагы каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Мульти-донордук трасттык фондунун энергетикалык секторун башкарууга көмөк көрсөтүү программасынын администратору катары чыгуучулар - TF072490, TF071398 мурастоочу) ортосундагы Гранттык макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 20.08.20дагы № 426 токтом)

-“2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору Демилгечи – Өкмөт, 02.09.20дагы № 463 токтом.

-“2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы Зайым жөнүндө макулдашууну ратификациалоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 02.09.20дагы № 464 токтом.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 6040

Окшош жаңылыктар