Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөттүн курамы талкууланууда

14-10-2020 13:06

Бүгүн, 14-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Садыр Жапаров баштаган Өкмөттүн курамы, программасы жана түзүмү каралууда.

Алгач Өкмөттүн түзүмү тааныштырылып, андан соң жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда.

Депутат Эмиль Токтошев Өкмөттүн алдында чоң маселелерди чечүү зарылчылыгы бар экенине токтолуп, Премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаровго: "Текшерүү органдары өтө көп, алардын санын азайтууга кандай карайсыз?" - деген суроо берди.

Өз кезегинде Садыр Жапаров айтылган сунуш сөзсүз караларын белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Айнура Осмонова Өкмөткө сунушталып жаткан айрым мүчөлөр кандай критерийлер менен тандалганына кызыкты.  

Садыр Жапаров бардык талапкерлер иш билги, жөндөмдүүлүгүнө жараша сунушталганын билдирди.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 865

Окшош жаңылыктар