Депутат Каныбек Иманалиев: "Кыргызстан тандап алган парламенттик-демократиялык жолунун үзүрүн азырынча көрө элек"

14-10-2020 13:14

Бүгүн, 14-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында  Премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун жана ал сунуштаган өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы каралууда. Учурда эл өкүлдөрү тарабынан талапкерлерге суроолор жана сунуштар берилүүдө.

Өз кезегинде депутат Каныбек Иманалиев Садыр Жапаровго кайрылып, конституциялык реформаларды кылбоого чакырып, бул ойдон кайтууга үндөдү. Эл өкүлүнүн айтымында Кыргызстан тандап алган парламенттик-демократиялык жолунун үзүрүн азырынча көрө элек, бирок өнүгүүдө. “Кыргызстан президенттик өлкө болушу керек жана парламенттеги депутаттардын саны 55 болушу керек дедиңиз. Мындай конституциялык реформаларга барбайлы. Бул маселени саясий күчтөр, депутаттар менен талкуулап, сиз жанагы айтылган сөзүңүздөн кайтыңыз”,-деп белгиледи эл өкүлү Каныбек Иманалиев.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 864

Окшош жаңылыктар