Садыр Жапаров: "Кумтөрдү мамлекет үчүн иштетүү аракетин көрөм"

14-10-2020 13:20

Бүгүн, 14-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында  Премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун жана ал сунуштаган өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы каралууда. Учурда эл өкүлдөрү тарабынан талапкерлерге суроолор жана сунуштар берилүүдө.

Алсак, депутат Бактыбек Турусбеков Кумтөр маселеси боюнча  Садыр Жапаровдун пикирин сурады.  Өкмөт башчылыкка талапкер Кумтөр 100% мамлекет үчүн иштей турганын жана ал буга бардык күч аракетин жумшаарын билдирди.

Ал эми депутат Жанарбек Акаев азыр алдыга жылчу учур экенине токтолуп, Садыр Жапаровду тарапташтарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 881

Окшош жаңылыктар