Жогорку Кеңеште Өкмөттүн түзүмү, программасы жана курамы аныкталды

14-10-2020 13:37

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Өкмөт башчылык кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин жана  ал сунуштаган Өкмөттүн программасын, курамын жана түзүмүн карап, атайын Токтом менен аныкталды.

Премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров өзү сунуштаган Өкмөттүн курамы төмөндөгүдөй:

Новиков Артем Эдуардович- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Сабиров Равшан Азатович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Мамытканов Максат Суйуналиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Исмаилова Аида Жекшенбаевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Аманбаев Бактыбек Абдилашимович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин - министринин кызмат ордуна;

Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна;

Мукашев Кыялбек Белекович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна;

Чодуев Эркинбек Урайымович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна;

Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин кызмат ордуна;

Джаманкулов Марат Тургунбаевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна;

Казакбаев Руслан Айтбаевич - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна;

Ниязбеков Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна;

Ажикеев Бообек Эргешович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна;

Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна;

Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна;

Кочкоров Улукбек Тойчубаевич - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кызмат ордуна;

Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна;

Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;

Исмаилов Алтынбек Джапарович - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 947

Окшош жаңылыктар