"Кыргызстан" фракциясы: "Айыппулду көбөйтүү менен гана маселе чечилбейт"

21-10-2016 07:04

Бүгүн, 21-октябрда "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын кезектеги жыйыны болуп, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун каралды.

Фракция мүчөлөрү КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Расул Артыкбаевден өлкөдөгү азыркы экологиялык абал тууралуу маалымат угуп, бул жааттагы көйгөйлөрдү тизмектешти.

Фракция жетекчиси Канатбек Исаев чет элдик жарандарга жумуш орундарын бөлүштүрүүдө мыйзам бузуулардын арбын болуп жатканына токтолуп: "Маалыматтар боюнча Кыргызстанга расмий 12 миӊ чет өлкөлүк жумушчу күчү тартылат экен. Бирок, байкаганыбыздай, бизде жок адистер чакырылбай эле, жөнөкөй жумушчулар, айдоочулар да чет өлкөдөн келүүдө. Муну жөнгө салышыбыз керек", - деди.

Андан тышкары, жыйында Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу убагында адатка айланган экологиялык мыйзам бузуу маселелери да көтөрүлүп, суу унааларын, айрыкча, скутер колдонууда эрежелердин сакталбай жаткандыгы айтылды. Ал эми депутаттар ушул сыяктуу экологиялык кылмыштар жаӊы мыйзам долбоорунда сунушталгандай айыппул өлчөмүн жогорулатуу менен эле азайып калбасын белгилеп, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясындагы коррупциялык аракеттерди жоюу талабын да коюшту.

Жыйын соӊунда фракция мүчөлөрү  экологиялык кылмыштарга карата административдик жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорун айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу тапшырмасы менен жактырышты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1241

Окшош жаңылыктар