Жогорку Кеңешке БШКдагы окуя боюнча ИИМдин өкүлү чакырылды

21-10-2020 19:45

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутаттар  Ички иштер министрлигинин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн суракка алган окуя боюнча маалымат укту. Төраганын орун басары Аида Касымалиева ЖМКда БШК мүчөлөрүн ИИМ күчкө салып алып кеткени тууралуу маалымат чыгып жатканын айтып, депутаттар Ички иштер министрлигин Жогорку Кеңешке чакырган.  Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев келип, 2020-жылы 8-октябрда шалаакылык фактысы боюнча ИИМдин тергөө кызматына материал келип түшкөнүн билдирди.  Бул факты боюнча күбө катары БШКнын өкүлдөрү чакырылган.

Анткен менен эл өкүлү Каныбек Иманалиев БШКга карата ИИМ кылмыш ишин ачууга эч кандай укугу жоктугун жана Башкы прокуратура гана кылмыш ишин козгой ала турганын айтып, ИИМдин бул аракетин БШКга карата басым, -  деп мүнөздөдү. “ИИМдин иш козгоосу бул БШКнын  мүчөлөрүнө кысым жасоо болуп саналат. Бул шайлоого болгон кысым жана мыйзамсыз аракет. Жаңы келген ИИМ кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек”, - деди депутат К. Иманалиев.

Бул ойду депутат Жанарбек Акаев да кубаттап: “Ички иштер министри өзү буйрук берген болсо кызматынан кетсин. БШКнын мүчөлөрүн зомбулук менен алып кетип жаткан болсо жооп беришсин”, - деди.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева бүгүн депутаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынарын билдирди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2326

Окшош жаңылыктар