CASA-1000 долбоору курууга жумшалган каражатты 15 жыл аралыгында актоого тийиш

Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууларды (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун (CASA-1000) ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

КР Өкмөтүнүн берген маалыматына караганда, “Датка” 500 кВ подстанциясынан (Кыргызстан) “Худжент” (Тажикстанстан) подстанциясына чейин, андан ары Кабул (Ооганстан) аркылуу өтүп Пешавардагы (Пакистан) өзгөртүүчү станциясына чейин ВЛ 500 кВ электр берүү линиясын куруу жолу менен CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча Макулдашууга кол коюлган.

Долбоорго ылайык, линия (CASA-1000) боюнча электр энергиясын экспорттоону Кыргызстан менен Тажикстанстанда электр энергиясы ашыкча, ал эми Пакистан менен Афганистанда электр энергиясы тартыш болуучу жай мезгилинде гана (майдан тартып сентябрга чейин) ишке ашыруу пландалууда.

Макулдашууну ишке ашыруу алкагында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 29400000 АКУ (45 млн АКШ долларына барабар) өлчөмүндө кредиттик жана гранттык каражаттарды бөлүп берет. Анын ичинде 4400000 АКУ – грант түрүндө (6,75 млн АКШ доллары) жана 25000000 АКУ – жеңилдетилген кредит түрүндө (38,25 млн АКШ доллары) болот. Насыя 0,75 пайыздык үстөгү менен 40 жылдык мөөнөткө берилет, алгачкы 10 жыл жеңилдетилген мезгил болуп саналат.

Ал эми Европа инвестициялык банкы Кыргызстанга 70 млн евро өлчөмүндөгү каражатты транштар түрүндөгү (жетиге чейин) төлөмдөр аркылуу бөлүп, алардын ар бири 10 млн евродон кем эмес болот. Пайыздык чени (белгиленген же өзгөрүлмө) ар бир траншты бөлүп берүүдө аныкталат. Насыя боюнча төлөө мөөнөтү – 29 жыл.

Андан сырткары, Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 1,5 пайыздуу үстөгү, 7 жыл жеңилдетилген мезгили менен 25 жылдык мөөнөткө 50 млн АКШ долларына барабар 33,3 млн ислам динары өлчөмүндө каражат бөлөт.

CASA-1000 долбоорун ишке ашырууда республикалык бюджеттен кошумча каражат каралбайт, жогоруда аталган эл аралык каржы уюмдары тарабынан берилүүчү 233 млн доллар өлчөмүндөгү каражат гана жумшалат. “CASA-1000 долбоору боюнча чет өлкөлөргө электр кубаты орто эсеп менен 9 центтен сатыла турганы белгилүү болду. Ошондон улам, алдынала болжолго караганда, ал өзүн 15 жыл аралыгында актоого тийиш.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 12-майында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан өкмөт башчыларынын катышуусунда (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (CASA-1000) расмий башталуу аземи болуп өттү.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар