Парламенттин административдик имаратында келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү

05-11-2020 12:08

Бүгүн, 5-ноябрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 5-6-октябрда болуп өткөн окуяларга байланыштуу парламенттин административдик имаратында келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүү сунушталып, атайын токтом кабыл алынды.

Комиссиянын мүчөлүгүнө тиешелүү мекеме өкүлдөрү киргизилди.

Талкуу маалында төраганын орун басары Мирлан Бакиров аталган комиссия эки жума аралыгында жабыркаган мүлктөр тууралуу маалыматтарды тактоосу керектигине токтолду

Ал эми депутат Дастанбек Жумабеков Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрүн да комиссияга киргизүү зарылчылыгын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2756

Окшош жаңылыктар