Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

"Жер казынасы" жөнүндөгү мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

12-11-2020
12:20

Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Бузуулар жөнүндө кодексине, Салык кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамга)” Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, бул мыйзамдын кабыл алынышы социалдык жана экономикалык жактан оң таасир этет. Себеби, кен иштетүүчү ишканаларда персоналдын жалпы штаттык санында Кыргыз Республикасынын жарандарын санын, ошондой эле  жергиликтүү товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү  сатып алууну көбөйтүү каралууда.

Депутат Рада Мураталиева ушул мезгилге чейин канча жер рекультивация болгонуна кызыкты. Өкмөттүн өкүлүнүн маалыматы боюнча, жалпы 2015 гектар жердин 1035 гектары рекультивация болуп, 1984 гектары  боло элек.

Аталган мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы