2-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт

02-12-2020 10:00

2-декабрь саат 10:00дө парламент имаратынын Жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

 

1. “Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 30.12.19дагы № 732 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

2. “2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал келип чыккан учурга карата даярдыкты камсыздоо жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам берүү боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 25.03.20дагы № 185 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө”, “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 17.12.19дагы № 686 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

4. “2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 02.05.20дагы № 231 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

5. “2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Сербия Республикасынын ортосундагы Эркин соода жүргүзүү зонасы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 26.05.20дагы № 272 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

6. “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 07.05.20дагы № 236 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

7. “2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 13.08.20дагы № 418 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

8. “2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жѳнүндѳ” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 24.08.20дагы № 432 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

10. “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 6091

Окшош жаңылыктар