Конституциялык кеңешме секциялык шартта иш алып барат

20-11-2020 14:49

Бүгүн, 20 - ноябрда Улуттук илимдер академиясынын имаратында мамлекеттин Баш мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун талкуулаган жыйын өтүүдө.

Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин курамында  илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар бар. Алар секциялык шартта иш алып барышат. 

Конституция - бул мамлекеттик башкаруунун модели. Жашоонун эрежеси. Ошондуктан башкаруунун кайсы формасы бизге ылайык? - деген суроолор талданып жатат. 

Кеңешменин бүгүнкү биринчи жыйынында  анын төрагасы, профессор Бекбосун Бөрүбашев: "Бизде башкаруунун 4 тепкичтүү түрү бар экендиги талашсыз. Конституция - эл бийлиги. Демократия болуусу үчүн эл жетиштүү жашоого тийиш. Азыркы долбоор боюнча чынын айтуу керек, биз президенттик башкарууга бара жатабыз", - деди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 573

Окшош жаңылыктар