Президенттин милдетин аткаруучу, Төрага Талант Мамытов парламент имаратындагы оңдоп-түзөө иштери менен таанышты

20-11-2020 17:07

Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов парламент имаратында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

Учурда Жогорку Кеңештин жана Президенттик Аппараттын кызматкерлеринин иштөөсүнө шарттар жок экенин айткан Президенттин милдетин аткаруучу, Төрага Талант Мамытов: "Андыктан, бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, оңдоп-түзөө иштерин ыкчам бүткөрүү аракети көрүлүүдө. Анткени, алдыбызда чоң маселелер турат. Элибиз көптөгөн өзгөрүүлөрдү күтүүдө. Ар кыл маселелер ачык каралып, керектүү мыйзамдар кабыл алынышы зарыл", - деди.  

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларда парламенттин административдик имараты талкаланып, материалдык-техникалык зыянга учураган. Буга байланыштуу учурда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ага депутаттар да өз салымдарын кошууда.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 568

Окшош жаңылыктар