Түз
эфир
Бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Премьер-министр тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Солтонбекова Ализа Карыпбековнаны дайындоо тууралуу сунушу каралып, жактырылды.
Буга чейин Ализа Солтонбекованын талапкерлиги алгач Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде, ошондой эле Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде да каралып, колдоо тапкан.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы