Депутат Жылдыз Мусабекова: “Жол кыймылына аралашкан кайырчылардын маселесин чечүү керек”

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Жылдыз Мусабекова жол кыймылындагы автоунаалардан балдарын көтөрүп, кайыр сураган жагдай бизнеске айланып бараткандыгына көңүл бурду.

Депутат Ж.Мусабекова бул кайырчылар жол кырсыктарына себепкерлердин бирине айланып бараткандыгын айтып, коомчулукка собол салып, эгер ал ата-энелер балдарын бага албаса балдар үйүнө өткөрүп берели деген сунушу менен чыкты. Эл өкүлүнүн маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө кайырчыларга расмий тыюу салынган. Буга тиешелүү мамлекеттик мекеме тартипке салышы керектигин кошумчалады.

Ошону менен катар Жылдыз Мусабекова жаңы конуштардагы суу көйгөйүнө дагы көңүл бурду. Жаңы конуштардын түзүлүшү менен шаардык ОГУКС ишканасы суу түтүктөрүн салып берип, “Бишкек суу каналы” ишканасына өткөрүп берсе деген пикирин айтты. Болбосо жаңы конуш тургундары суу түтүктөрү жарылып, же кандайдыр бир көйгөй жаралганда “Бишкек суу каналы” биздин баланста эмес деген шылтоо менен четке чыгышат, натыжада карапайым элдин чөнтөгүнө күч келет. “Чындыгында электр жарыгы таштанды сыяктуу эле суу пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү төлөп келет”,- дейт депутат.

Жол кыймылындагы кайырчылардын көйгөйүн улаган депутат Дастан Бекешев тиешелүү органдар аларга иликтөө жүргүзүүсү керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар