ММК фондунун бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча параметрлери такталууда

30-11-2020 15:49

Бүгүн,  30 – ноябрдагы жыйынында  Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020 - жылга бюджети жана 2021 - 2022 - жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн карады.

Мыйзам долбоорунун алкагында баяндалгандарга караганда, ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн бекитилген параметрлери жалпысынан 1 548 203,3 миң сомго көбөйөт. Ошол эле учурда чыгымдар боюнча параметрлер да ушундай эле суммага жогорулайт. Тактап айтканда, ММК фондунун бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча параметрлери 16 009 829,9 миң сомдон 17 558 033,2 мин сомго чейин өсөт.

Киреше бөлүгү боюнча:

Республикалык бюджеттен кошумча 2 117 576,1 миң сом каралат, анын ичинде 1 192 579,8 миң сом эпидемиянын очогунда же ага теңдештирилген аймактарда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөрдү өз убагында каржылоо үчүн бөлүнгөн, 214 400,0 миң сом өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган оорулууларды үзгүлтүксүз гемодиализ кызматы менен камсыз кылуу үчүн акы төлөөгө, 600 000,0 миң сом саламаттык сактоо уюмдары үчүн жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чыгымдарга байланыштуу пайда болгон кредитордук карыздарын жабууга, 110 596,3 мин сом саламаттык сактоо уюмдары үчүн жаңы ачылган жана профили өзгөртүлгөн инфекциялык бөлүмдөрдү каржылоого муктаждыктарды жабууга каралган.

Ошентип, республикалык бюджеттен ММК фондунун бюджетине берилүүчү бекитилген ассигнованиялардын өлчөмү 2020-жылга карата кошумча бөлүнгөн каражаттарды эске алуу менен 2 117 576,1 миң сомго жогорулады, натыйжада бюджеттин такталган көлөмү 13 233 917,8 мин сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан ММКга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча берилүүчү каражаттардын көлөмү 2 423 359,2 мин сом суммасында такталды, жыл аягына чейин келип түшө турган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшпөй калуусу күтүлгөндүгүнө байланыштуу, бекитилген бюджеттен 146 296,2 миң сомго азайтылды. Мындай азайтуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдын 22-мартынан тартып өзгөчө кырдаал режиминин киргизилгендигинен улам (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу) жана чакан жана орто бизнес уюмдарынын жана ишканаларынын экономикалык ишмердигинин токтоп тургандыгынын натыйжасында жүргүзүлдү.

Чыгаша бөлүгү боюнча:

ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин чыгашалар боюнча милдеттенмелери Мыйзам менен 16 009 829,9 миң сом көлөмүндө бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча кабыл алынган чечимдерге байланыштуу ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү медициналык кызматтарга акы төлөөнүн бекитилген консолидацияланган ченемдерин, ошондой эле 2020-жылга киреше булактарынан болжолдонгон келип түшүүчү такталган көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, 17 558 033,2 мин сомду түздү, мунун өзү бекитилген бюджеттен 1 548 203,3 миң сомго көп.

Бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча өзгөрүүлөр Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары менен калкка медициналык жана башка кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн эсептешүүлөр боюнча чыгымдарга да таасирин тийгизди. Бекитилген бюджет менен ММК фондунун бюджетинен Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн 15 851 829,9 миң сом көлөмүндө каражат каралган. Такталган бюджетте 17 413 435,5 миң сом каражат каралды, б.а. жалпысынан бул көрсөткүч COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чараларга саламаттык сактоо уюмдарына республикалык бюджеттен кошумча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жана акы төлөнүүчү кызматтар боюнча келип түшүүчү каражаттардын пландык көрсөткүчтөрүнүн такталгандыгына байланыштуу 1 561 605,6 миң сомго жогорулады.

Талкуу соңунда “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү жактырылсын жана Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын кароосуна чыгарылып, биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын, -  деп белгиленди. Ал эми баяндамачылык милдет Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри  А Бейшеналиев менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Э.Боронбаевага тапшырылат, - деп аныкталды. Мындай корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жөнөтүлдү.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 412

Окшош жаңылыктар