2021-жылдын 15-апрелинде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт

15-04-2021 10:00

15-апрель саат 10:00дө парламент имаратынын Жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Тиллаев Т.Г., Турсунбаев А.А., Зулпукаров Т.З., Алтынбеков А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

3. “Баалоо иши жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Абжалиев А.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Күрөө жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 17.02.20дагы № 84 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

6. “Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 30.01.20дагы № 44 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

7. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Касымалиева А.К., Масабиров Т.А.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

8. “2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 15.02.21деги № 42 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

9. “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 05.03.21деги № 75 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

10. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

11. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жазык кодексине, Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 24.03.21деги № 114 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

12. “Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4366-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Рыспаев К.Дж., Турускулов Ж.К., Турусбеков Б.С., Эсенаманов З.С., Маматалиев М.А.) (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 50680

Окшош жаңылыктар