23-июнь саат 10:00дө парламент имаратынын Жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
1. “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 11.09.19дагы № 467 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);
2. “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Алимбеков Н.К., Ормонов У.З., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Анарбаев С.С.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет);
3. “Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Алимбеков Н.К., Ормонов У.З., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Анарбаев С.С.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет);
4. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);
5. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (Министрлер кабинетинин) 2021-жылдын 4-майындагы № 119-буйругу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет жана финансы боюнча комитет, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет);
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет);
7. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет).
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы