ЕАЭБдин бажы аймагына тышылып келинген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндөгү макулдашуу каралды

23-12-2020 10:43

Бүгүн, 23-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында  “2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Макулдашуу  улуттук байкоого алуу системасындагы  байкоого алынууга тийиш болгон товарлар жана мүчө өлкөлөрдүн жарандырынын ортосунда  ишке ашырылчу  товардык операциялардын  айлануусуна байланыштуу  маалыматтар менен бөлүшүүнү карайт. Келишим бажы жана салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун ар кандай схемаларын пайдаланууга жол бербөөгө, бир мамлекеттин аймагынан экинчи өлкөнүн аймагына жылган учурда товарлардын айлануусунун мыйзамдуулугун  тастыктоого, ошондой эле товарлардын айлануусуна байланыштуу  операцияларга  көзөмөлдү камсыздоого багытталган.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Андан сырткары, бүгүнчү парламент жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” жана “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзамдардын долбоорлору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 618

Окшош жаңылыктар