Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бир катар мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды

23-12-2020
13:12

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

Үчүнчү окууда:

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.09.20дагы № 499 токтом);

“2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.03.20дагы № 161 токтом);

“2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.05.20дагы № 236 токтом);

- “2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.05.20дагы № 231 токтом);

- "Экономикалык амнистия маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары Ө. Бакиров, М. Маматалиев, Г.Асылбаевой,С.Айдаров жана А Жапаров);

Экинчи окууда:

“2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 13.08.20дагы № 418 токтом);

“2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жѳнүндѳ” мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 24.08.20дагы № 432 токтом);

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 09.12.19дагы № 672 токтом);

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы