Келерки 2021-жылды “Мекендештерди колдоо жылы” деп жарыялоо демилгеси сунушталууда

25-12-2020 13:04

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында миграция, мекендештер жана чет мамлекеттердеги диаспоралар боюнча кеңеш түзүлүп иштеп жатат. Анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, аталган кеңештин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман мырза бүгүн,  25 – декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

“Соңку 10 жыл аралыгында сыртта иштеп жүргөн мекендештер которгон акча каражаттары 19 млрд. долларга жеткен. Ал эми ушул эле жылдар аралыгында тартылган инвестициялардын эсеби 8,3 млрд. долларды түздү. Мындай салыштырууларды көрүп, инвесторлорду башка мамлекеттердин жарандарынан эмес, ошол өз мекендештерибиздин арасынан издеп өстүрүп чыксак алда канча натыйжалуу болмок”, - дейт Медер Рахман мырза.

Ошондой эле “Мекендештер - инвесторлор” ассоциациясын түзүү демилгеси көтөрүлүп жаткандыгын кошумчалаган катчылыктын жетекчиси, - мигранттар иштеген эмгек стажысы боюнча пенсия курагына келгенде социалдык төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр Россия, Түркия, Корея мамлекеттери менен жүргүзүлүп жаткандыгын Социалдык фонддун маалыматтарына таянуу менен билдирди. Ушундай эле иштер европалык мамлекеттер менен да жолго коюлууда.

Ага катар эле студиянын мейманы пандемия убагында кабылган чек ара, окутуу процесси, авиакаттамда кезиккен көйгөйлөр тууралуу да кеңири маалымат берди.

Алдыдагы 2021 – жылды миграциялык институтту бекемдөө үчүн “Мекендештерди колдоо жылы”, - деп жарыялоо жагы сунушталууда, - деп кошумчалады Медер Рахман.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2963

Окшош жаңылыктар