КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү Өчпөс отко гүл коюшту

09-01-2021 17:06

Бүгүн, 9-январда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Жеңиш паркында жайгашкан Өчпөс отко гүл коюшту.
Белгилей кетсек, КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын эл аралык байкоочулар миссиясы 10-январда өтүүчү президенттик шайлоого жана референдумга мониторинг кылуу үчүн Бишкек шаарына келишкен.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы 

Көрүүлөрдүн саны : 1656

Окшош жаңылыктар