Тармактык комитетте мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды

12-01-2021 12:36

Бүгүн, 12-январдагы Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.

Тагыраагы, экономика министринин орун басары Бекболот Алиев "2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге  Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана  Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын  Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын  14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун алып чыкты.

Аталган мыйзам долбоору 2020-жылы колдонууга уруксат берилген тарифтерди жеңилдетүү багытындагы ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.  Тармактык комитеттин төрагасынын орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев колдонуу мөөнөтү бүтүп жаткан Протоколду кабыл алуунун зарылчылыгына кызыкты.

Баяндамачы жеңилдетилген тарифтердин мөөнөтү 2020-жылы бүткөнүнө карабай, иштеп жатканын жүйө келтирди.

Ал эми комитет төрагасы Исхак Пирматов Протокол комитетте кечиктирилип киргизилгенин белгилеп: "Бирок бул Өкмөттүн маселеси, мүмкүнчүлүккө жараша колдоп берели", - деди. Талкуудан соң мыйзам долбоору кабыл алынды.   

Андан сырткары, комитет жыйынында төмөндөгү мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды:

- "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;

- "2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 440

Окшош жаңылыктар