Бүгүн, 12-январдагы Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында төмөндөгү мурда кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча маалыматтар угулду.
- COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөн кайтып келүүсү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу;
- Баткен жана Жалал-Абад облустарында селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө.
Депутаттарга вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева менен Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов маалымат беришти. Тактоочу суроо-жооптордон кийин Өкмөттүн маалыматын эске алуу чечими кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы