“КМШ өлкөлөрүнүн музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды

13-01-2021 10:40

Бүгүн, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоору КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда музей иши боюнча кызматташтык маселелерин ишке ашырууга, КМШнын улуттук музейлеринен жыйналган маданий мурастарды таанытуу жана пропагандалоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө багытталган. Музей иши, музейлер аралык илимий маалыттарды алмашуу, азыркы технологияларды киргизүү, музейлик предметтерди сактоо, реставрациялоо жана консервациялоо боюнча ар кандай конференциялар, төгөрөк столдор өткөрүлөт, тажрыйба алмашылат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 380

Окшош жаңылыктар