КМШ алкагында автотранспорт каражаттарын уурдоого бөгөт коюу маселеси каралды

13-01-2021 11:23

Бүгүн, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 25-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Протокол менен киргизилүүчү өзгөртүүлөр Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин укук коргоо органдарынын Шериктеш өлкөлөрдүн аймагында уурдалган автомобилдер жөнүндө маалыматтарды ыкчам алмашуу жолу менен автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга багытталган.

Талкуу маалында депутат Рада Туманбаева чет өлкөдө да, Кыргызстанда да катталган унааны билбей, сатып алган ак ниет сатып алуучуга кылмыш иши козголуп калган учурлар арбын болуп жатканын белгилеп, чыныгы күнөөлүүлөр кармалбай жатканына токтолду.

Ошондой эле депутат Тариел Жоробеков: "Эгер уурдалгандыгы аныкталса, унааны ээсине кайтарып, ал эми ак ниет сатып алуучуга зыяндын орду толтурулуп берилиши керек", - деди.

Ушундай эле маселеге депутат Айнуру Алтыбаева да токтолуп: "Эгер Кыргызстандан уурдалган машина чет өлкөдөн табылса, ээсине кайтарылабы?" - деп суроо берди.   

Өз кезегинде Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов мындай учурлар жаралган жагдайда, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, күнөөлүүлөргө чара көрүү менен 1 жыл ичинде ээсине кайтарылып берилерин белгиледи.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 624

Окшош жаңылыктар