Куралдуу күчтөрдү навигациялык камсыздоо боюнча макулдашууну ратификациялоо долбоору каралды

13-01-2021 11:59

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты. 

Макулдашууга ылайык, тараптар Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатында ыйгарым укуктуу органдар аркылуу  кызматташат, ал органдар  ар бир Тарап  тарабынан аныкталат. Кызматташууда Тараптардын ортосундагы  маалымат алмашуу жана аларды коргоо Тараптар тарабынан улуттук мыйзамдарга ылайык  камсыздалат.

Мыйзам долбоору биринчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңешти басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 796

Окшош жаңылыктар