Бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берилди

13-01-2021 14:40

Бүгүн, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында төмөндөгү мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

Биринчи окууда:

-  “2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 25-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.07.20дагы № 402 токтом);

-  “2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.11.20дагы № 561 токтом);

- “2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.11.20дагы № 570 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 02.10.20дагы № 512 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.10.20дагы № 513 токтом);

-  “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.09.20дагы № 474 токтом);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору (демилгечилер - депутаттар М. Мавлянова, Т. Тиллаев, А. Турсунбаев, Т. Зулпукаров жана А. Алтынбеков).

 

Экинчи окууда:

-  “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Жээнбеков А.Ш., Узакбаев А.О., Эргешов А.М.).

 

Үчүнчү окууда:

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Ички жер которуу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 07.02.20дагы № 71 токтом);

-  “2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 05.03.20дагы № 133 токтом).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1257

Окшош жаңылыктар