Спорт - өнүгүүнүн өзгөчө өңүтү

13-01-2021 17:57

Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев бүгүн, 13 – январда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп, бүгүнкү отурумда каралган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына” сунушталган өзгөртүүлөр тууралуу ой бөлүштү. Анда спорт жаатында иш алып барган юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоону жөнгө салуу шарттары такталууда.  

“Негизинен спорт тармагындагы саясатты тескөө милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин иши. Ошол ведомство аркылуу катталууну каалаган тараптардын так эсеби алынып, андагы катышуучулар менен окутуп – машыктыруучу курамдын квалификациясы кылдат иликтенип, андан кийин гана катталуу процедураларына жол ачылат”, - деп түшүндүрдү студия мейманы.

Мыйзам өзгөртүүсү кабыл алынса, федерациялардын ортосунда талаш – тартыштар жаралбайт. Азыркы тапта 120га жакын федерациянын 77си спорттун олимпиадалык түрүнө таандык, - деген депутат Умбеталы Кыдыралиев, - улуттук олимпиада комитетинин ролуна да токтолду.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

                               

Көрүүлөрдүн саны : 684

Окшош жаңылыктар