2019-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчет экинчи окууда кабыл алынды

18-01-2021 11:45

Бүгүн, 18-январда Жогору Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 2019-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту экинчи окууда карады.

Каржы министри Кыялбек Мукашевдин баяндамасында белгилегендей, киреше бөлүгү 148,5 млрд сом суммасында болуп, жалпы чыгымдар аткарылган. Башкы финансисттин айтымында республикалык бюджеттин кирешеси дээрлик 96% аткарылган. “Мамлекеттик салыктык кирешелер 96.6% аткалырган.  Бажы кызматы 43 млрд сом  чогултуп,  96.8% план аткарылды, ал эми салыктык эмес түшүүлөр 29 млрд сомду түзгөн. 2019-жылдын чыгымдары, соцфонд, айлык акы, мамлекеттик карызды тейлөө боюнча чыгымдары толугу менен жабылган”,-деди каржы министри.

Суроо-жоопто комитет мүчөлөрү айрым маселелерди тактады. Депутат Сайдулла Нышанов ички-тышкы карыздар боюнча тынчсыздануусун билдирип, быйылкы жылга канча сумма төлөнөрүн сурады. Маалым болгондой, 2021-жылга карызды жабуу үчүн 34 млрд сом коюлууда. Анын 20 млрд сому тышкы карызды төлөөгө жумшалмакчы.

Депутат Осмон Турдумамбетов каржы министрлиги, бажы, салык кызматында бюджетти аткарууда жылдан жылга мыйзам бузуулар кайталанып келе жаткандыгын айтып, буга Эсеп палатасы кандай чара көрүп жатканын сурады.  Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов  аудиттин жыйынтыгында сунуштарды берип келерин, бирок түздөн-түз кийлигишүү укуктары жок экенин айтты.

Депутат Осмон Турдумамбетов салык жана бажы кызматтарынын планды аткара албаганынын башкы себеби чек араны көзөмөл жоктугу деп атады. “Ал жактан миллиарддаган сом  жоготуулар болуп жатат. Андыктан,  чек арадагы аткезчилик боюнча Өкмөт кескин иш-чараларга барышы керек. Бул сунушумду чечимге киргизүүнү  сунуштайм. Болбосо бюджет толбой, айлык берүүдө да маселе чечилиши күмөн болуп калат”, - деди депутат Осмон Турдумабетов.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 393

Окшош жаңылыктар