Тармактык комитетте бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору колдоо тапты

18-01-2021 16:22

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги отурумунда эл аралык келишимдерге байланыштуу бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору каралып, комитет мүчөлөрү тарабынан жактырылуу менен, парламенттин жыйынына киргизүү чечими кабыл алынды. Алар төмөнкүлөр:

- «Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган КР Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору (экинчи окууда);

- «2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 25-ноябрындагы КМШга катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору (экинчи окууда);

- «2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы КМШга катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору (биринчи окууда).

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 449

Окшош жаңылыктар