Чектеш мамлекеттердин жарандарынын эмгек миграциясы боюнча берилген патенттик каражаттар бюджетти толтурууга жумшалмакчы

18-01-2021 16:49

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 18 – январдагы отурумунда  “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү каралды.  Депутат И.Пирматов тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорунун максаты -  иш издөө жана убактылуу эмгектенүү багытында жергебизге мезгил – мезгили менен келип – кетип турган коңшу мамлекеттердин жарандарынын иш – аракеттерин мыйзамдаштырууга багытталган. 

“2020 – жылдын июнь айында кабыл алынган мыйзам күчүнө кирген. Август айында өкмөттөн натыйжалуу жооп күткөнбүз. Бирок, биз ойлогондой болгон жок. Мыйзам 7 айдан бери иштейбей келе жатат”, - дейт депутат И.Пирматов. Камсыздандыруу полиси орточо эмгек акынын 3%ын түзгөн эсеп. Патенттин баасын аныктоодо салык кызматы кынтыксыз иш алып барышы керек", - дейт демилгечи.

Мындай кадам менен чектеш мамлекеттердин жарандарынын эмгек миграциясына көзөмөл жүргүзүлөт. Аларга берилген патенттерден түшкөн каражаттар бюджетти толтурууга жумшалмакчы. Сунушталган мыйзам долбоору эл аралык келишимдерге да каршы келбейт, - деп айтылат документтин маалымкат – негиздемесинде.

Талкууда депутат Чынара Урумкалиева, - буга чейин мындай төлөмдөр менен ишкерлер эсептешчү беле? – деген суроого жооп күттү.

Салык кызматынын Төрагасынын орун басары Замир Мамытов квота боюнча иштеген эмгек мигранттарынан  2018 – жылы 116 млн. 303 миң сом; 2019 – жылы  144 млн. 0,69 миң; 2020 – жылы болсо  54 млн. 594 миң суммасындагы каражат түшкөндүгүн билдирди.Бирок, эл өкүлдөрү квота менен иштеген мигранттар менен патент алып иштеген мигранттарды өз - өзүнчө тактоону талап кылышты. 

Талкуу жыйынтыгында аталган комитет сунушталып жаткан мыйзам долбоорун фискалдык саясатты жөнгө салган тармактык комитеттин кароосуна жолдоп, мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда жактыруу тыянагына келди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 674

Окшош жаңылыктар