Автордук укуктарды коргоо коопсуздугу бекемделет

18-01-2021 17:53

Автордук мүлктүк укуктарды бузгандыгы үчүн акчалай компенсацияны өндүрүүгө байланышкан маселелерди жана талаш-тартыштарды кароодогу кенемтелерди жокко чыгаруу шарттары такталууда. Бул тууралуу депутат Саматбек Ибраев тарабынан демилгеленген “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдө баяндалат.

Маселе Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 18 – январдагы отурумунда каралды.

Баяндамачы  депутат Саматбек Ибраев, - “Азыркы мезгилде онлайн, тейлөөнүн аралык сервистери тездик менен өнүгүүдө. Мыйзам долбоорунда IT компанияларына тиешелүү бир топ программалык жаңылыктарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жаралууда. Ошондуктан, “эң аз акы” деген сөз “эң аз эсеп” деген сөз менен алмаштырылууда”, - дейт.

Депутат А.Саммигулина онлайн окуудагы автордук укуктардын кантип сакталаарына кызыкты.Ошондой эле эл өкүлү, - “Айыптарга келгенде эсептик көрсөткүчтөрдү көтөрүп, кошумча төлөмдөргө келгенде көрмөксөнгө салуу жарабайт. “Жандармериялык кылуу” жарыбастык”, - дейт.

Демилгечи депутат Саматбек Ибраев 2006 – жылы кабыл алган мыйзамдын өзгөртүүлөрү 14 жылдан бери жаңыланууга муктаждыгын белгилеп, мыйзам долбоорун 3 окууда кабыл алууну суранды. Ошондой эле эл өкүлү атайын интернет программалары оңой эмес мээнет. Кала берсе, 7 млн. сомго жазылган атайын программаларды эске алганда жагдайды туура кабылдоого чакырды. Бирок, комитет төрайымы Гүлкан Молдобекова мыйзам долбоорун биринчи окууда гана жыйынга алып чыгуу чечимин билдирди.

Бул багыттагы кошумча суроолорго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациалар мамлекеттик кызматынын төрайымы Динара Молдошева  жооп берди.

Талкуу соңунда “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда жактырылып, Жогорку Кеӊештин кароосуна сунушталды.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 245

Окшош жаңылыктар