ЕАЭБ алкагында кабыл алынган протоколдун долбоору каралды

20-01-2021 12:11

Бүгүн, 20-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган экономика министринин орун басары Бекболот Алиев белгилегендей, мыйзам долбоору жогоруда көрсөтүлгөн Протоколду ратификациялоо аркылуу ЕАЭБ Бирдиктүү бажы тарифтеринин ылайык бажы алымдарын Евразия экономикалык бирлигинин бюджетине төлөөсүз айрым товардык позицияларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жеңилдетилген мезгилдин мөөнөтүн 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартууга багытталган.

Тизмеге агроөнөр жай секторунун продукциясынын, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, оорулардан жана отоо чөптөрдөн коргоо каражаттарынын, айыл чарба техникасынын, дары-дармек каражаттарынын, медицина буюмдарынын, ветеринардык препараттардын, ошондой эле өлкөнүн ири ишканалары үчүн комплекттөөчү материалдардын 166 товардык позициялары киргизилген.

Ушул Протокол Кыргыз Республикасы тарабынан кол коюлганмезгилден тартыпубактылуу колдонулат жана 2020-жылдын1-январынан пайда болгон катнаштарга жайылтылат.

Талкуу маалында депутат Бактыбек Турусбеков материалдардын 166 товардык позицияларынын санын көбөйтүү керектигине токтолду.

Ал эми депутат Экмат Байбакпаев биримдикке киргенде жакшы максаттар коюлган менен Кыргызстандын кызыкчылыгы көп каралбай жатканын белгилеп, чечимдерди кабыл алууда ата мекендик ишкерлердин пикирин да эске алуу зарылчылыгын кошумчалады.

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 478

Окшош жаңылыктар