Кыргызстан менен Германия ортосундагы макулдашууну ратификациялоо маселеси добуш берүүгө жөнөтүлдү

20-01-2021 12:34

Бүгүн, 20-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарууга багытталганына токтолду.

Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын Дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө келген мамлекетте эмгек ишин өз ара негизде жүзөгө ашыруу укугу берилет.

Талкуу маалында депутат Экмат Байбакпаев: "Иштегендердин эмгек стажы эсептелеби?" - деген суроо койду.

Өз кезегинде тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров келишимдин негизинде эмгек стажы караларын билдирди. Андан тышкары, бардык социалдык төлөмдөр төлөнөөрүн кошумчалады.

Ошондой эле депутат Экмат Байбакпаев: "Дипломатиялык ишмердүүлүгү токтотулса, иштен да чыгарылабы?" - деп сурады.

Өкмөт өкүлү дипломатиялык ишмердүүлүгү токтотулгандан кийин, анын үй-бүлө мүчөлөрү иш берүүчү менен түзүлгөн келишими аяктаганга чейин иштей берерин маалымдады.  

Ал эми депутат Бактыбек Турусбеков ушундай макулдашууларды Кыргызстандын башка элчиликтеринде да кабыл алуу зарылчылыгын кошумчалады.

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 220

Окшош жаңылыктар