Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору экинчи окуудан каралды.
“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору тарабынан жалпы жонунан 17 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда.
“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” мыйзам долбоору тарабынан Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда.
Базар-Коргон шаарын түзүү үчүн сунушталып жаткан аймак 12424 кожолукта 58842 адам жашаган, айыл макамына ээ эмес 5 айылды жана 6 калктуу конушту бириктирип турат.
Мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы