Бир катар мыйзам долбоорлору биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды

20-01-2021 13:46

Бүгүн, 20-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында төмөндөгү мыйзам долбоорлору кабыл алынды:

Биринчи окууда:

- “2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.07.20дагы № 404 токтом;

-  “2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.09.20дагы № 485 токтом);

- “2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди чыӊдоо жөнүндө макулдашууну жана Москва шаарында 2002-жылдын 23-ноябрында кол коюлган, 1997-жылдын 24-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда куралдуу көчтүрдү өз ара кыскартуу тууралуу макулдашууну аткаруу боюнча Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн принциптери жана тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.12.20дагы № 611 токтом).

 

Экинчи окууда:

- “Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Пирматов И.А.);

-  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодексине, “Күрөө жөнүндө” мыйзамга, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.06.20дагы № 298 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.07.20дагы № 401 токтом);

“Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 05.02.20дагы № 60 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.10.20дагы № 531 токтом).

 

Үчүнчү окууда:

-  “2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 13.08.20дагы № 418 токтом);

- “2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жѳнүндѳ” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 24.08.20дагы № 432 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.10.20дагы № 532 токтом).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 585

Окшош жаңылыктар