“Гидрометеорология иши жөнүндө” КР Мыйзамы соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстерге шайкеш келтирилет

20-01-2021 13:31

Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин жыйынында  депутаттар “Кыргыз Республикасындагы  гидрометеорология  иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына өзгөртүү киргизүү  тууралуу” Мыйзамдын долбоорун  экинчи окуудан карашты.

Докладчы, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук  боюнча комитетинин төрагасынын орун басары  Абдывахап Нурбаев белгилегендей, бул түзөтүүлөр соттук-укуктук реформанын  алкагында кабыл алынган  КР кодекстерине шайкеш келтирүүгө багытталган.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар гидрометеорологиялык ишмердүүлүктү стандартташтырып, аны эл аралык стандарттарга  ылайык келтирүүнүн,  жарандардын  курчап турган чөйрөнүн булгануусу, ошондой эле  дыйкандар өз ишин натыйжалуу  пландаштырып,  табигый тобекелчиликтерге туш болушпасын үчүн  узак мөөнөттүү  климаттык  прогноздор тууралуу маалымат  алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Талкуудан соң  мыйзам долбоору  экинчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 434

Окшош жаңылыктар