Некролог – Ешмамбетов Радбек Бакиевич

20-01-2021 15:57

Кыргыз эли оор жоготууга учурады. 2021-жылдын 20-январында 72 жаш курагында «легендарлуу» парламенттин депутаты, экология жана өзгөчө кырдаалдар экс-министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Аппаратынын мурдагы жетекчиси Радбек Ешмамбетов каза болду.

Радбек Ешмамбетов 1949-жылдын 29-августунда Ош шаарында туулган. Ленинград политехникалык институтунун гидротехникалык факультетин, андан кийин КПСС БКга караштуу Коомдук илимдер академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолун 1973-жылы Кара-Көл шаарындагы «Нарынгидроэнергокурулуш» Су-ГЭСте мастер болуудан баштаган. Ал 1973-1978-жылдары бул ишканада катардагы прорабдан курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучуга чейинки баардык кызмат тепкичтерин басып өткөн. Ал эми 1978-1983-жылдары Радбек Ешмамбетов Компартиянын Ош облустук комитетинде эмгектенип, андан соӊ 1985-жылы републикалык «Кыргызайылкурулуш» бирикмесинин төрагасынын орун басарлыгына которулган. Ал эми 1985-1986-жылдары Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинде инспектор, кийин бөлүм башчынын орунбасарлыгына көтөрүлгөн. 1986-1988-жылдары болсо Кыргыз ССР Компартиясынын Ысык-Көл облустук комитетинин секретары, 1988-1990-жылдары Пржевальск шаардык советинин төрагасы, партиянын шаардык комитетинин биринчи секретары, ал эми 1990-1991-жылдары Эл депутаттарынын Ысык-Көл жана Нарын облустук советтеринин аткаруу комитеттеринин төрагасынын биринчи орун басары, облустук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеди.

1990-1995-жылдары «легендарлуу» парламенттин депутаты болуп турганда, 1991-жылы Кыргыз ССР Компартиясынын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи секретары болуп дайындалган. Андан кийин 1991-1994-жылдары «Кыргызкурулуш» мамлекеттик концернинин төрагасынын орун басары, 1992-1995-жылдары АКБ «Курулушбанктын» Директорлор кеӊешинин төрагасы болуп иштеди.

1995-жылы Республикалык мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. 1996-1998-жылдары – Бишкек – Ош автожолун реконструкциялоо жана пайдалануу боюнча дирекциясынын директору. 1998-1999-жылдары – транспорт жана байланыш министринин орун басары. 1999-жылы – КР Премьер-министринин Аппаратынын жетекчиси. 2000-2003-жылдары – «Кыргызнефтегаз» АКсынын Директорлор кеӊешинин төрагасы. 2001-жылы – экология жана өзгөчө кырдаалдар министри. 2003-2006-жылдары «Техмашимпекс» АКсынын Кыргызстандагы өкүлү. 2006-2011-жылдары – «Саламстрой» ЖЧКсынын башкы директору.

Ал 2011-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Аппарат жетекчиси болуп эмгектенген.

Радбек Ешмамбетов белгилүү мамлекеттик ишмер эле, анын жаркын элеси мекендештеринин жүрөк түпкүрүндө бекем сакталат. Маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын теӊ бөлүшөбүз. Анын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Мамытов Т.Т., Новиков А.Э., Касымалиева А.К., Сабиров Р.А., Мамытканов М.С., Сурабалдиева Э.Ж., Абдыкеримов Ш.Ш., Абдылдаев М.Ю., Абжалиев А.Т., Айдаров Н.А., Айдаров С.А., Айнакулов М.А., Акаев Ж.К., Акматов А.Ж., Алимбеков Н.К., Алтыбаева А.Т., Алтынбеков А., Алыбаев О.А., Аманкулов М.А., Анарбаев С.С., Арапбаев А.А., Арзыбаев Н.И., Артыков А.А., Аскарова А.А., Асылбаева Г.К., Аттокуров Д.Б., Байбакпаев Э.Ж., Баймуратов К.Ш., Бакиров М.И., Бакиров Ө.М., Бакчиев Ж.А., Бекешев Д.Д., Бердиев А.Т., Бешимбаева А.К., Бокоев К.С., Гайпкулов И.Т., Джумабеков Д.А., Джураев С.М., Дюшалиев А.К., Жапаров А.К., Жеенчороев М.К., Жетигенов Б.Ж., Жолдошбаев К.Ж., Жоробеков Т.У., Жумалиев К.М., Жунус уулу А., Жутанов А.Т., Жээнбеков А.Ш., Зулпукаров Т.З., Ибраев С.К., Икрамов Т.И., Иманалиев К.К., Исаева Д.Ш., Исаев К.К., Исмаилов У.Ч., Исманов С.Ж., Карамушкина И.Ю., Карашев А.А., Каримов Н.Т., Карыбеков А.К., Келдибаев С.А., Кенжебаев Б.Б., Керезбеков К.К., Кодуранова А.С., Койчуманов М.Н., Конушбаев Т.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т.,  Мавлянова М.Э., Мадеминов М.Г., Маматалиев М.А., Маматов А.М., Мамашова А.Т., Маннанов И.А., Матраимов И.И., Молдалиев С.У., Молдобекова Г.С., Момбеков Р.Ч., Мусабекова Ж.А., Никитенко Н.В.,  Нурбаев А.М., Нурдинов Б.Б., Нышанов С.К., Омуркулов И.Ш., Ормонов У.З., Орозова К.Б., Осмонова А.Ш., Пирматов И.А., Примов У.Б., Райымкулов Б.К., Рысалиев З.К., Рыспаев К.Ж., Сабиров М.Э., Садиков У.Ч., Самаев У.О., Самат Гульнара-Клара, Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г.,  Субанбеков Б.Ж., Сулайманов А.Т., Сулейманов Б.И., Султанов А.М., Сыдыгалиев Б.К., Сыдыгалиев Н.Ө., Сырдыбаев Н.М., Тагаев Э.С., Текебаев Ө.Ч., Тиллаев Т.Г., Токторов А.С., Токтошев Э.Т., Торобаев Б.Э., Төрөкулов Д.Г., Тотонов Н.Т., Тулендыбаев П.Р., Туманбаева Р.М., Турдумамбетов О.Ж., Турсунбаев А.А., Турусбеков Б.С., Турускулов Ж.К., Урумкалиева Ч.Ч., Шарапов З.Э., Эгембердиев М.Б., Эсенаманов З.С., Юсуров А.Л., Касмамбетов С.С., Сабырбеков А.А., Аманбаев Б.А., Шаболотов Т.Т., Карапашов Б.Ш., Абытов А.А., Матазимов М.М.

Көрүүлөрдүн саны : 632

Окшош жаңылыктар