Депутат Бейшеналы Нурдинов: “Элдин абалын ойлошубуз керек”

20-01-2021 18:03

“Гемодиализ алуучулардын бюджеттик тизмеде тургандарынын кезеги жылып – жылбай жаткандыгынын себептерин иликтеп чыктым. Аларды медициналык жактан колдоого, - деп каралган каражаттар болгону 1408 кишиге гана ылайыкталыптыр. Кошумча – алымчасы да канча убакытта бир белгилүү болоору такталган эмес”, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов бүгүн, 20 – январда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Кур дегенде коррупциялык кылмыштардан өндүрүлүп жаткан каражаттардын бир бөлүгүн дартына дабаа издеп жүргөн бөйрөк функциясынын жетишсиздигинин 5 - стадиясындагыларга бөлүп берсе неге болбосун? – деген арга кеткендеги сунушун айткан депутат, - “Мамлекеттин менчигинде бир дагы гемодиализ менен жабдыган медициналык жайлар жок. Жеке менчик гемодиализ борборлорунун кызматтарынан пайдаланууга ММКФ жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан каражат которулуп турат. Адистердин маалымдашынча, бул көйгөйдү чечүүнүн оңтойлуу жолу экен”, - дейт.

Кесипкөйлөрдүн такталган маалыматтарына таянган эл өкүлүнүн белгилешинче, гемодиализди бюджеттик негизде алуучуларга 4200 сомдон каралса,  ал эми жеке менчик борборлорго баргандар 6 миңден – 8 миң сомго чейин төлөгөнгө аргасыз. “Элдин абалын ойлошубуз керек. Бюрократиялык бут тосууларга жол берилбесин”, - дейт Бейшеналы Нурдинов.   

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 345

Окшош жаңылыктар