Депутат Улугбек Ормонов: "Дыйкандарды арзан жана сапаттуу жер семиткичтер менен камсыздообуз зарыл"

21-01-2021 10:35

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Алсак, депутат Улугбек Ормонов парламенттин Өкмөттүн өкүлүнө кайрылып: "Жаз келе жатат. Андыктан, дыйкандарды керектүү жер семирткичтер менен камсыздашыбыз керек. Өкмөт Өзбекстан менен түз сүйлөшүп, жер семирткичтерди заводдун баасында алып келиши шарт. Бул дыйкандардын негизги суранычы жана талабы", - деди.

Ошондой эле депутат Кыргызстанда белгисиз эле авиакомпаниялар иштеп, каалаган бааны коюп жатканын жүйө келтирип, Өкмөт муну көзөмөлдөшү керектигине токтолду.

Мындан тышкары, жыйында жерлерди трансформациялоо, конуштарды коомдук унаа менен камсыздоо маселелери да көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 340

Окшош жаңылыктар