Жогорку Кеңеште бир катар социалдык-экономикалык маселелер айтылууда

21-01-2021 10:46

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Алсак, депутат Марлен Маматалиев парламенттин Өкмөттүн өкүлүнө кайрылып: "Он беш күндөн бери шаарды каптаган түтүн азайып калды. Бирок Өкмөт каптаган түтүнгө унааларды себеп катары көрсөтүп келген. Азыр эмне унаа азайдыбы? Мурдагыдай эле унаалар каттап жатат го? Андыктан, унааларды гана түтүндүн себеби катары кароо туура эмес экен. Бишкек ЖЭБинин ишин да жөнгө салуу зарылчылыгы турат",- деди.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева да ушул маселеге токтолуп: "Улан-Батор шаары да биздегидей абалды төрт-беш жыл мурун башынан өткөргөн. Ага ылайык, алардын жана башка шаарлардын тажрыйбасын эске алуу менен маселени чечишибиз керек", - деп кошумчалады.  

Ошондой эле депутат Осмон Турдумамбетов жыйында сүйлөгөн сөзүндө: "ЕАЭБге мүчө экенибизге карабай, авиабилет баасына, товарларды экспорттоо маселелерине байланышкан маселелер дагы деле чечиле элек. Элдин жашоосу күндөн-күнгө кыйындап барат. Азык-түлүк кымбаттады. Андыктан, Өкмөт алгылыктуу аракеттерди көрүп, тиешелүү аракеттерди көрүшү керек", - деди.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 585

Окшош жаңылыктар