Депутат Дастан Бекешев коронавирус илдетине каршы вакцина маселесине байланышкан талаш-тартыштарга токтолду

21-01-2021 11:04

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Алсак, депутат Дастан Бекешев коомчулукта талаш-тартыш жаратып жаткан вакцина маселесине токтолуп: "Өкмөт атайын муздаткыч жок экенин айтып, айрым вакциналарды алуудан баш тартып жатканы айтылып жатат. Андыктан, тиешелүү министрлик коомчулукка ачык-айкын маалымат бериши керек. Бизге кандай вакцина керектигин далилдүү көрсөтүп бериши шарт", - деди.

Ал эми депутат Улугбек Садиков Өкмөткө кайрылып "Акыркы жарым жылдын ичинде Ош жана Жалал-Абад облустарында талап-тоноо кылмыштары көбөйүп кетти. Айрыкча, акча алмаштыруучу жайларда көп болууда. Өзүбүздөгү ички мыйзамдуулукту сактап, кылмыштуулукту качан токтотобуз? Коопсуздукту коргоочу кызматтар качан алгылыктуу иш алып барат?" - деген суроо койду.  

Ошондой эле депутат Айнура Осмонова ошол эле Жалал-Абад курортунун аймагында турак-жайлардын документи жок экенине токтолуп, аларды мыйзамдаштырып берүү керектигин кошумчалады.  

Андан тышкары, депутат Айгерим Бешимбаева 3000дей студент контракттык төлөмдү азайтуу маселесин көтөрүп жатканын белгилеп: "Өкмөт мыйзамдарга ылайык, студенттерге жеңилдик бериши керек. Анткени, студенттерге оор. Жумушсуздук күч, баалардын наркы өсүүдө", - деди.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 275

Окшош жаңылыктар